Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте кыйраган тик учакта жабыркагандардын саны 10 адамга жетти

Эки адамдын абалы өтө оор

Бишкекте Ми-8 тик учагынын кыйрашынан жабыркагандардын саны 10 адамга жетти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Буга чейин бир адам каза болгону, ал экипиждын командири болгону маалымдалган.

- Жабыркаган 10 адамдын төртөө жандандыруу бөлүмүндө, анын экөөсүнүн абалы өтө оор деп бааланууда, алты адам орточо жаракат алган, - деп айтылат маалыматта.

Учурда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн жана Коргоо министрлигинин кызмат адамдары тарабынан бул окуянын жагдайларын тактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх