Бишкекте тик учактын кыйрашынан кийин айрым кызмат адамдары убактылуу иштен бошотулду
Мындай чара тергөө иштерин объективдүү жүргүзүү максатында кабыл алынды
Бишкектин Достук кичи районунда тик учактын кыйрашы боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ага байланыштуу Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн айрым кызмат адамдары убактылуу иштеп бошотулганы маалымдалды.
Мындай чара тергөө иштерин объективдүү жүргүзүү максатында кабыл алынгандыгын Коргоо министрлигинен билдиришти.
Эске салсак, бүгүн КР ККнын Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кулаган.
Кырсыктан 11 адам жабыркап, бир аскер кызматкери каза болгон. Жабыркаган 10 адам учурда Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген, экөөнүн абалы өтө оор.
Фото www