Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Мурдагы премьерлердин биринин жакынына издөө жарыяланды

Ал Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун акчасын адалдаштырууга шек саналууда

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун акчасын адалдаштырууга шек саналып мурдагы премьер-министрлердин биринин жакыны издөөгө алынганын жарыялады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, М.У.Д. аттуу адам акча рэкетчилик жана ишкерлерден опузалап талап кылуу жолу менен алынганын билип туруп, 2018-жылдан бери кылмыштуу топтор менен жигердүү иштешип келгенин маалымдады.

- М.У.Д. Камчы Көлбаев менен Ысык-Көл облусунда "Flamingo Bay" ресторанын, "Каганат" пансионатын, "Whit" түнкү клубун иштетип, Көлбаевге таандык "Ордо" бизнес борборунда түнкү клуб ачууну көздөп келген. Мындан тышкары М.У.Д. Бишкектеги "Асман", "Social Coffe", "Urban»", "Sushi Room", "Red cow", "Cakes/bubbles", "My shish", "Aroma", "Тесто Место" ресторандарынын кирешесинин бир бөлүгүн кылмыштуу топторду каржылоого жумшап келген",- деп айтылат маалыматта.

М.У.Д. ошондой эле Дубай шаарындагы беш, Алматыдагы беш кымбат ресторанды башкарган "Aiza Hospitality" ишканасынын ээси экени аныкталган.

УКМК М. У. Д. мүлктөрүнүн баарын башка адамдарга каттаганын кошумчалады. Атайын кызматтын иликтөөсүнүн жыйынтыгында мындай жол менен жашырылган мүлктөрдүн ичинде Чүй облусунда 180 жер тилкеси, Ысык-Көлдөгү "Каганат" пансионатындагы коттеждер бардыгы аныкталган.

17-январда шектүүгө сыртынан Кылмыш кодексинин 261-беренеси ("Кылмыш кылуу үчүн кылмыштуу топко катышуу) менен айып тагылып, издөө жарыяланды.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх