Тик учак кырсыгында жабыркагандардын абалы айтылды
Тез жардам ооруканасында 8 адам дарыланууда
Саламаттык сактоо министрлиги тик учак кырсыгында жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат берди.
Маалыматка ылайык, Тез жардам ооруканасында 8 адам дарыланууда. Реанимацияда жаткан төртөөнүн экөө палатага которулду. Жабырлануучулардын экөө Улуттук госпиталда, алардын абалы дагы туруктуу.
Эске салсак, 17-январда КР ККнын Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кулаган.
Кырсыктан 11 адам жабыркап, алардын ичинен бир аскер кызматкери каза болгон. Жабыркаган 10 адам Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз