Жалал-Абад шаардык ооруканасына ок тийген 5 жаштагы кыз түштү
Балага операция жасалып, учурда реанимацияда
Жалал-Абад шаардык ооруканасына октон жаракат алган 5 жаштагы кыз жеткирилгенин Turmush басылмасынын кабарчысы.
Маалым болгондой, кыз тир мылтыгынан жаракат алган.
Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын башкы дарыгери Кыпчак Токторбаевдин айтымында, кыз 4-5 жеринен жаракат алып, ага операция жасалып, реанимацияга жаткырылган.
«17-январь күнү бизге Жалал-Абад шаарынын тургуну тирдин огу тийген беш жаштагы кызын алып келген. Ок кыздын ичине тийип, ичегисин 4-5 жерин тешип кеткен. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы туруктуу деп бааланууда», - деди дарыгер.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз