Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте мыйзамсыз уюшулган газ сатуучу 5 түйүн аныкталды

Бишкек шаарынын аймагында газ куючу мыйзамсыз жайларды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө

Бишкекте мыйзамсыз уюшулган газ сатуучу 5 түйүн аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында газ куючу мыйзамсыз жайларды аныктоо боюнча иштер улантылууда.

Рейддик иш-чаралар Бишкек шаарынын мэриясынын, ӨКМнин өрткө каршы кызматынын жана ИИМнин Бишкек шаары боюнча патрулдук милиция башкармалыгынын активдүү катышуусунда өткөрүлдү.

Текшерүү учурунда жарылуучу газдарды сатууда өрт коопсуздук эрежелерин бузган беш соода түйүнү аныкталып, шаардын ар кайсы аймактарында жайгашкан түйүндѳрдүн ээлерине акт түзүлүп, 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх