Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн 2 көмүскө жай аныкталды

Борбор калаада интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын ишмердигин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча рейддер уланууда

Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн 2 көмүскө жай аныкталды. Бул тууралуу Биринчи май райондук акимчилиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Биринчи май районунун аймагында интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын ишмердигин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча рейддин жыйынтыгында интим-кызмат көрсөтүүчү 2 көмүскө жай аныкталып, райондук милицияга жагдайларды аныктоо үчүн 4 жаран жеткирилген.

Рейддик иш-чараларга райондун укук коргоо органдарынын жана МАБдын өкүлдөрү катышты.
"Эгерде сиз ушундай жагдайлардын күбөсү болуп калсаңыз, төмөнкү номерлер аркылуу кабарлоону суранабыз: 0 (502) 041 208, 0(701) 700-251 Whatsapp, 0 (312) 56-60-43 жана күнү-түнү кыска номери боюнча 102", - деп айтылат маалыматта.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх