Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Санкт-Петербургда үч кыргызстандык жаран Өзбекстандан келген мигрантты уурдап кетишкен

Алар аны өлтүрөбүз деп коркутуп, акча талап кылышкан

Санкт-Петербургда Кыргызстандын үч жараны Өзбекстандан келген мигрантты уурдап кетишип, өлтүрөбүз деп коркутуп, андан 20 миң рубль талап кылышкан деп жазат 78.ru. сайты.

Маалым болгондой, милицияга 19 жаштагы мигрант кайрылган. Анда ал белгисиз үч адам аны таксиге салып, тапанча менен коркутушканын айткан. Ала качкандар жигитти 20 миң рубль акча которууга мажбурлашып, унаадан түшүрүп, изин жашырып кетишкен.

Кылмышка шектелип, таксист болуп иштеген кыргызстандык кармалган. Кийинчерээк анын эки шериги да кармалган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх