Бишкекте 17 жаштагы Расул бир айдан ашык убакыттан бери изделүүдө
Өспүрүм 5-декабрда үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз
Бишкекте 17 жаштагы Расул Кылычбеков бир айдан ашык убакыттан бери изделүүдө.
Свердлов РИИБнин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык,
Ал 2023-жылдын 5-декабрында Бишкектин Фере көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен, ошондон бери анын кайда экени белгисиз. 13-декабрда Расулдун апасы милицияга арыз менен кайрылган.
Бул факт Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында катталган.
Өзгөчөлүгү: бою 160-165 см, орточо дене түзүлүштө.
Кара свитер, кочкул көк шым, бутунда кара туфличен болгон.
Милиция Кылычбеков Расулдун жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандар 0 (704) 103-102, 0 (702) 49-88-88, 0 (709) 33-24-63 же 102 телефон номурларына чалып кабарлап коюуну өтүнөт.
Фото www