Васильевка айылынын 39 жаштагы тургуну үйүнө келген таанышын бычак сайып өлтүрүп салган
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Аламүдүн районунун Васильевка айылында адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган башкармалыктын маалыматы боюнча, 21-январда 39 жаштагы Р.Внын үйүнө 48 жаштагы Т.Б аттуу таанышып келип, спирт ичимдигин ичишкен. Кийин экөөнүн ортосунда чыр чыгып, Р.В. ашкана бычагын алып, Т.Б.нын көкүрөк тушуна бычак сайып жиберген. Т.Б. тез жардам келгенге чейин каза болуп калган.
Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз