Сүлүктүдө 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 31 жаштагы жаран кармалды
Өспүрүмдүн апасы кызы 13-январдан 14-январга караган түнү зордукталганын билдирген
Сүлүктү шаарында 14 жаштагы кызды зордуктаган деген шек менен 31 жаштагы жаран кармалды.
Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кыздын апасы 13-январдан 14-январга караган түнү жашы жете элек кызы зордукталганын айтып, милицияга арыз менен кайрылган.
Факт боюнча “Зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү делип 31 жаштагы К.Т., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз