Аламүдүн базарында 11 миңден ашык контрафакттык тамекилер алынды
Ишкерлерге карата Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөрү айтылды
Бишкектин Аламүдүн базарында тамеки продукцияларын мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 11 миң 733 даана тамеки алынды.
«Ишкерлерге карата Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт. Тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоо боюнча иштер бүткүл өлкө боюнча үзгүлтүксүз жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз