Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алматыда жер титирөөдөн 44 адам жабыркады. Алардын ону жаш балдар

8 киши ооруканага жаткырылды

Алматыда жер титирөөдөн 44 адам жабыркады, анын 10у балдар. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Башкармалыктын маалыматы боюнча, Алматыда түнкү саат бирден бери 44 адам ар кандай жеңил жана орточо оордуктагы жаракаттар менен медициналык жардамга кайрылган.

Жабырлануучулар ооруканаларга жеткирилген. 5 бала жана үч чоң адам ооруканага жаткырылып, калгандары амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөнү маалымдалды.
Эске салсак, КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 23-январга караган түнү жана эртең менен кыргыз-кытай чек арасында күчү 5,5 баллдан 8 баллга чейин жеткен 6 жер титирөө катталган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх