Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кытайда жер титирөөдөн 47 үй кыйрады

Жабыркагандар бар

Кытайдын түндүк-батышындагы Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда жер титирөөнүн кесепетинен 47 үй кыйрап калганын РИА Новости Синьцзян Daily гезитине таянуу менен билдирди.

Аксуу районунун Уши (Учтурфан) районунда күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө болгону белгиленди. Алты адам жарадар болгон.
«Сейсмологдор күчү 3 баллдан 5,3 баллга чейин болгон 43 жер силкинүүнү катташкан. Жер титирөөдөн кийин жергиликтүү бийлик кырсык болгон аймактарга өрт өчүрүү, медициналык жана байланыш кызматтарын жөнөтүп, авариялык пландарды ишке ашыра баштады. Акыркы маалыматтарга караганда, эки адам оор, дагы төртөө жеңил жаракат алып, 47 үй толугу менен талкаланып, 78и жабыркаган», - деп жазат жергиликтүү басылмалар.

Эскерте кетсек, КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 23-январга караган түнү кыргыз-кытай чек арасында күчү 5,5 баллдан 8 баллга чейин жеткен 6 жер титирөө катталган. Алматыда 44 адам жабыркады, анын 10у балдар.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх