"Сапат" лицейинде мугалим окуучуну ур-токмокко алып жатканы видеого түшүп калган
Окуя 22-январь күнү болгон
Кызыл-Кыя шаарындагы “Сапат” кыргыз-түрк лицейинде мугалим окуучуну сабап салган.
Окуянын видеосу социалдык тармактарда пайда болду.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы окуя боюнча маалыматты тастыктап, окуя 22-январда болгонун белгиледи.
Бул факты боюнча Билим берүү министрлиги жана ИИМ иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз