Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Суунун тургуну соцтармакка жазган посттору үчүн кармалды

Экспертиза алардан аймактар ​​аралык кастыкты козутуунун белгилерин тапкан

Кара-Суу районунда аймактар ​​аралык кастыкты козутууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда өз баракчасына расалык, этникалык, улуттук, диний аймактар ​​аралык кастыкты (аразчылыкты) козутуучу белгилерди камтыган материалдарды жайгаштырган колдонуучу аныкталган.

«Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, Г.А.нын жаранынын жайгаштырган материалдарында аймактар ​​аралык кастыкты чакырган тилдик элементтер бар», - деп билдирди башкармалыктан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси («Расалык, этностук, улуттук, диний аймактар ​​аралык кастыкты козутуу») боюнча иш козголуп, Кара-Суу районунун 1981-жылы туулган тургуну Г.А кармалган.  Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө иштери уланууда.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх