Бишкекте куткаруучулар арыктын торуна тыгылып калган адамга жардам көрсөтүштү
Окуя аялдамада болгону белгилүү
Бишкекте куткаруучулар аялдамадагы арыктын торуна буту тыгылып калган 69 жаштагы адамды куткарып калышты.
ӨКМ билдиргендей, бүгүн Байтик Баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамадагы арыктын торуна эркек кишинин буту тыгылып калганы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге 5 куткаруучу саат 13:18де барышып, атайын каражаттардын жардамы менен адамдын бутун алып чыгышкан.
Жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз