Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурунку жубайынын кулак-мурдун кесип алган Азамат Эстебесов сот залында заара ушатып салды - видео

"Ал мындай амал менен өзүн психикалык жактан оорулуу көрсөтүп, жоопкерчиликтен качууга аракет кылууда"

Мурдагы жубайы Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кесип салган айыпталуучу Азамат Эстебесов сот залында заара ушатып салды. Бул тууралуу жабырлануучунун эжеси Диана Элкен социалдык тармактарга билдирди.

Эстебесовдун иши боюнча кезектеги соттук отурум кечээ, 25-январда Сокулук райондук сотунда өттү.
Аселдин жакындары ал мындай амал менен өзүн психикалык жактан оорулуу көрсөтүп, жоопкерчиликтен качууга аракет кылып жатканын айтууда. Айыпталуучу сыркоолоп жатканын, дарыланууга жөнөтүлүшү керектигин талап кылган. Ал ошондой эле соттук отурумдарга катышпоого уруксат берүүнү суранган. Сокулук райондук соту муну четке какты.

Бүгүн, 26-январда Сокулук райондук соту Азамат Эстебесовго карата акыркы өкүмүн чыгарат.
Эске салсак, 2023-жылдын 20-сентябрында эртең менен Селекция айылында 36 жаштагы кыргызстандык аял өз батиринен мурду-кулагы кесилген, бетинде жана колунда көптөгөн бычактан алган жаракаттары менен табылган. Кол салган адам, мурдагы күйөөсү болуп чыккан.

Экөөнүн ортосунда эки баласы бар, шектүү СИЗОго киргизилген.
Асел Ногойбаеванын жакындары анын мурдагы күйөөсүн өмүр бою эркинен ажыратууну суранышууда.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх