“Дордой моторс” базарында ири партиядагы 6 миң 876 банка контрафакттык энергетикалык суусундук аныкталды
Аны саткан ишкерге мыйзамдык чаралар көрүлөт
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы "Дордой Моторс" базарынын аймагында энергетикалык суусундуктарды мыйзамсыз сактаган жана саткан соода түйүнүн аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз жүгүртүүдөн белгилүү эл аралык соода маркасындагы 6 миң 876 банка энергетикалык суусундук тартып алынды.
Субъектте продукцияга карата бардык керектүү уруксат берүүчү документтер жок болгон. Энергетикалык суусундуктар товарлардын акцизделчү тобуна кирет, бирок тиешелүү салык төлөнгөн эмес, бул өлкөгө контрабандалык жол менен ташып келингендигин тастыктайт.
Ишкерге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
Салык кызматы өлкө аймагында эсепке алынбаган товарларды аныктоо иштерин улантууда.
Фото www