Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балыкчыда “Geely Monjaro” үлгүсүндөгү милициянын кызматтык унаасы окуучу кызды сүзүп кетти - видео

Кыздын атасы унааны шаардык милициянын башчысы айдап жүргөнүн айтып, бирок анын агасы күнөөнү өз мойнуна алып жатканын айтууда

Кечээ, 26-январда Балыкчыда “Geely Monjaro” үлгүсүндөгү милициянын кызматтык унаасы 5-класстын окуучусун сүзүп кетти. Окуучу кыз учурда реанимацияда.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, унаанын кагылышына күнөөлүү адам кырсык болгон жерден качып кеткен. Ошондой эле алар унааны шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бектур Осмонбаев айдап жүргөнүн айтышууда.
Жабыркаган окуучу кыздын атасы да унааны Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы мас абалында айдап жүргөнүн айтып чыкты. Бирок экспертизага анын агасы – (ал дагы милиция кызматкери) келген. Ал унааны өзүм айдап жүргөм деп ырастоодо.
Өз кезегинде облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсыгы 26-январь күнү саат 14.30дар чамасында Аманбаев-Манас көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Geely Monjaro унаасынын айдоочусу шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери болгон.

«Материалдар Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө катталып, иликтөө иштери башталды. Окуучу кызды сүзүп кеткен унаа аныкталды. Маалым болгондой, бул Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматтык унаасы. Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүсү К.Б. тергөө кызматына келип, кызматтык унааны айдап баратканын, жашы жете элек кызды сүзүп, андан соң изин жашырып кеткендигин билдирген. Спирт ичимдигин текшерүү учурунда К.Бдан алкоголдук ичимдиктер чыккан эмес. Мындан тышкары, комплекстүү текшерүү жүргүзүү үчүн кан үлгүлөрү алынган. Кырсык боюнча иликтөө иштери Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө», - деп айтылат маалыматта.
Ички иштер министрлиги шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бектур Осмонбаев жана анын бир тууганы ээлеген кызматтарынан алынганын билдирди.

«Балыкчы шаарында жашы жете элек жөө жүргүнчүнү сүзүп кетүү фактысы Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы жана рулда болчумун деген агасы ээлеген кызматынан бошотулду. Алардын мындан аркы ички иштер органдарында кызмат кылуусу тергөөнүн жыйынтыгы менен каралат», - деп билдирди ИИМ.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх