Сокулукта үч жаш бала көлмөгө чөгүп кетишти
Алар көлмөгө муз тебебиз деп барышкан
Сокулук айылындагы көлмөлөрдүн биринде үч жаш бала чөгүп кетти. Маалыматты Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы ырастады. 26-январда Сокулук райондук милициясынан маалымат түшкөн. Милициянын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, үч баланын сөөгүн алып чыгышкан. Алдын ала маалыматка караганда балдар муз тебүү үчүн көлмөгө барышкан.
"Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, өспүрүмдөрдүн денесинен зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган эмес", - деп айтылат маалыматта.
Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүүдө.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз