Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балыкчыда жаш кызды сүзүп кетти деген аймактык тескөөчү менен агасы иштен бошотулду

Жол кырсыгы 26-январда болгон

Балыкчы шаарында жаш окуучу кызды сүзүп кетти деген аймактык тескөөчү жана анын шаардык милициясынын башчысы болуп иштеген агасы кызматтан четтетилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 26-январда, болгон. Анда “Geely Monjaro” үлгүсүндөгү автоунаа 11 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Ал учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
«Учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатат», — деп билдиришти ИИМден.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх