Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Балыкчыда окуучу кызды сүзүп кеткен милициянын башчысы издөөгө алынды

Кылмыш ишин тергөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлдү

Окуучу кызды сүзүп кеткен Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Осмонбаев Бектур Казакович издөөгө алынды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук блюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жол кырсыгы 26-январда болгон. Анда Балыкчы ШИИБнин кызматтык унаасы 11 жаштагы кызды сүзүп кеткен.
Аталган факт боюнча шаардык прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.

2024-жылдын 27-январында ички иштер органдарынын кызматкери жана ведомстволук транспорт каражаттары катышкан кылмышты объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу максатында, Кылмыш ишин тергөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлдү.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен, УКМК Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Осмонбаев Бектур Казаковичке издөө жарыялады.

Издөөдө жүргөн Б.К.Осмонбаевдин жүргөн жери тууралуу маалымат болсо, КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына, Каракол шаары, Кутманалиев көч., 148а дарегине, же 0(3922) 51180 жана 0(555)540052 телефондоруна кайрылыңыздар.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх