Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таласта милициянын сержанты пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

Ал системалуу негизде Талас районундагы соода түйүндөрүндө иштеген ыктыярчылардан акча алып жүргөн

Таласта милициянын сержанты пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Талас облусунун аймагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, пара алып жаткан жеринен Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери милициянын сержанты Б.у.Н. кармалды.

Атап айтканда, Б.у.Н. системалуу негизде Талас районундагы соода түйүндөрүндө иштеген ыктыярчылардан акча алып жүргөн.
Учурда жогорудагы фактыларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК жарандарды укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин фактылары боюнча 0312-66-04-75 телефонуна аркылуу билдирүүгө чакырат. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх