Ала-Буканын тургуну Тажикстандан Өзбекстанга баңгизат ташып жүргөн
Анын унаасынан 930 грамм афган гашиши табылган
Ала-Бука районунда жергиликтүү тургун Кыргызстандын аймагы аркылуу Тажикстандан Өзбекстанга баңгизат ташып жүргөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-январь күнү СБНОН кызматкерлерине Жалал-Абад облусунун Аксы районунда мыйзамсыз баңги затын сатуу менен алектенген «Ф» аттуу жаран тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты Маалыматты каттоо журналына катталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстандын аймагы аркылуу Тажикстандан Өзбекстанга баңги затын ташып келүү менен 1990-жылы туулган Н.Ф.Т. аттуу жаран кармалып, анын унаасынын отургучунун астынан 931 грамм афган гашиши табылган.
Шектүүгө каршы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282- беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Кармалган адам Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Фото www