Бишкекте кыз 6-кабаттан секирүүгө аракет кылды (видео)
Окуянын чоо-жайы такталып жатат
Бишкек шаарында кыз көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан секирүүгө аракет кылды. Маалыматты Биринчи Май РИИБден тастыкташты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 30-январда Логвиненко көчөсүндөгү жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.
Жерине милиция кызматкерлери барып фактыны тастыктап, А.А. жана К.Д. аттуу жарандарды аныкташкан. Алдын ала маалымат боюнча экөө кыз-жигит болуп жетишкен. Алар милицияга жеткирилди.
Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз