Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сокулук районунда айыл өкмөт башчысы кармалды

Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө

Сокулук районунун З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалганын Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, 2022-жылы Чүй облусунун өнүктүрүү фондунун директору К.М. З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.М. Туз айылынын батыш тарабында жайгашкан бетон лотокторду капиталдык ремонттон өткөрүүгө келишим түзгөн. Тендер жарыяланып, анда «НЭК ЛТД» ЖЧКсы 7 миллион 1 миң 296 сомго утуп алган. Келишим боюнча төлөм иш 100% бүткөндөн кийин төлөнүшү керек болчу.

Келишим түзүлгөндөн кийин 2 ай өткөндөн кийин «НЭК ЛТД» ЖЧКсынын директору ишти аягына чыгарбастан, айыл өкмөтүнүн башчысы У.М. 3 миллион 381 миң 182 сомдук жумуштарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзөт. Ал ЖЧКнын эсебине көрсөтүлгөн сумманы чегерүү жөнүндө Чүй областын өнүктүрүү фондуна кат жөнөткөн. Өнүктүрүү фонду акчаны которгон, бирок иш жүзүндө эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

Аталган факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.
З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы 1982-жылы туулган У.М., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх