Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн балконунан секирүүгө аракет кылган кыз куткарылды

Ал турмуштук кыйынчылыктардан улам өз өмүрүн кыюуну чечкенин айткан

Ошто милиция кызматкерлери көп кабаттуу үйдүн балконунан секирүүгө аракет кылган кызды куткарып калышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, Ош ШИИБне шаардагы көп кабаттуу үйдүн балконунда кыз ылдый секирүүгө аракет кылып жатканы жөнүндө билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге Ош шаарынын милиция кызматкерлери тез арада жетишип, ал жердан ӨКМ кызматкерлери жана тез жардам дарыгерлери менен биргеликте ыкчам жана шайкеш иш алып барышып, кыздын балкондон ылдый секирип кетүүсүнө мүмкүнчүлүк бербей, кызды өлүмдөн сактап калышты.

Кийин Ош шаарынын жашоочусу турмуштук кыйынчылыктардан улам өз өмүрүн кыюуну чечип, жашап жаткан үйүнүн балконунун тосмосунан ашып чыкканда, өтүп бара жаткандар көрүп калганы белгилүү болгон.

Өз убагында келген милиция, ӨКМ жана тез жардам кызматтары биргелешип жүргүзүлгөн иш-аракеттер менен кырсыктын алдын ала алышты.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх