Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдо бир кыз менен эки эркек адам ичинде дээрлик миллион сому бар терминалды уурдап кетишкен

Шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Ысык-Көл облусунун каракол шаарындагы күрөөканалардын биринде жайгашкан терминалды ичинде дээрлик миллион сому менен чогуу уурулар уурдап кетишкен. Бул тууралу облустук ОИББ билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 28-январь күнү Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Каракол шаарынын тургуну М.А. арыз менен кайрылган, арызында, ошол эле күнү таңкы саат 04:50 чамаларында Каракол шаарынын Торгоев менен Бектенов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан күрөөканадан төлөм терминалы ичиндеги акча каражаты менен белгисиз адамдар тарабынан уурдалганы жөнүндө билдирген.

Келтирилген чыгым 934миң 878 сомду түзгөн.

Аталган арыз Каракол ШИИБдин КБРне катталып, КРнын Кылмыш жаза кодексинин 205 (уурулук) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

- Көрүлгөн ыкчам иш аракеттердин негизинде, “МАЛ УУРУ “ аталышындагы операциясы жүрүү учурунда Ысык-Көл ОИИБдин МКККнын өзгөчө ротасынын кызматкерлери жана Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр колго түшүрүлүп тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Алар мурда бир нече жолу соттолгон Каракол шаарынын 22 жаштагы тургуну Ж. Ы., Түп айлынын 26 жаштагы К.А. жана Т. А. аттуу тургундары болуп чыккан, - деп айтылат маалыматта.
Алдын ала сурак учурунда кармалган шектүүлөр өз күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алып, уурдалган акча каражаттар жана төлөм терминал далил зат катары алынган.
КРнын Кылмыш жазык процессуалдык кодексинин 96 беренесинин негизинде шектүүлөр Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө амалдары уланууда.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх