Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түптө соцкамсыздоо башкармалыгынын эсепчиси 1,1 млн сом өздөштүргөн деп шектелүүдө

Ал убактылуу кармоочу жайга камалды

Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн финансылык отчеттуулук жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн башкы адиси С.Н.Д. кармалганын УКМК билдирди.

Башкармалыктын маалыматына караганда, С.Н.Д. 1 миллион 113 миң 765 сом суммасында бөлүнгөн каражатты мыйзамсыз ыйгарып алган.
Айыпталган С.Н.Д. жаран кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх