Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оштогу ооруканада мурдагы милиция кызматкери төрт дарыгерди сабап салды - видео

Шектелген жаран азыр күнөөсүн мойнуна албай, дарыгерлерди өзү эмес, агасы сабаганын айтууда

Ош шаарындагы ооруканалардын биринде мурдагы милиция кызматкери төрт дарыгерди жана эки бейтапты сабап салган. Окуянын видеосу социалдык тармактарда пайда болду.

Ош облустук Психиатрия жана наркология борборунун директорунун орун басарынын айтымында, окуя 31-январда болгон. Ооруканага келген адам өзүн ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкеримин деп тааныштырып, төрт дарыгерди жана эки бейтапты сабап салган.

«Ал милицияда иштейт. Аны биздин кызматкерлер тааныйт. Ошондуктан биз прокуратурага жана УКМКга кайрылдык. Ал нөөмөттөгү фельдшердин көзүнө катуу муштап, бир бейтапты жерге жаткырып сабаган. Врачтар ага жаман эч нерсе айтышкан эмес. Менимче ал мас болгон. Эстүү адам мындай кылбайт. Эми ал өзүнөн күнөөнү алып салууга аракет кылып, дарыгерлерди өзү эмес, анын жанындагы агасы сабаганын айтууда», - деди оорукананын директорунун орун басары.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы дарыгерлерди сабаган деген шек менен 34 жаштагы Б.К.А аттуу жаран кармалганын жана ШИИБдин маалыматына караганда, ал мурда ИИМдин Ички аскерлеринде кызмат өтөгөнүн билдиришти. Шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх