Таласта октон жаракат алган адам ооруканага жеткирилди
Шектелүүчү кармалды
Талас облусунун Манас районунда октон жаракат алган адам ооруканага жаткырылды.
Милициянын маалыматына караганда, окуя 4-февралда болгон. Ооруканага 38 жаштагы Б.С. жеткирилген.
Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголду.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ал Чеч-Төбө айылынын тургуну Б.Ж болуп чыкты. Учурда тергөө иштери уланууда.
Фото WWW
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз