Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын мурдагы орун басары Ботаникалык бакта асынган абалда табылды

Жолдошу дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу арызы менен анын жубайы милицияга кайрылган

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары Ботаникалык бакта асынып калган жеринен табылды. Бул маалыматты укук коргоо органдарындагы булактар тастыктады.

Маалым болгондой, 5-февралда РИИБге милиция кызматкеринин жубайы 4-февраль күнү эртең менен күйөөсү 1979-жылы туулган Ж.Б. 6-кичи райондогу үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегендиги тууралуу арыз менен кайрылган.

Бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Дайынсыз жоголгон адамдын жансыз денеси 6-февраль күнү түштөн кийин Шопен көчөсүндөгү Ботаникалык бакчадан табылган.

Белгиленгендей, маркумдун денесинде эч кандай жаракат табылган эмес, экспертизага даярдык көрүлүүдө.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх