Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте мефедрондун ири партиясы менен төрт милиционер кармалды

Кармалгандардын бири тергөө менен кызматташып, соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылып, калгандары СИЗОго киргизилди

Бишкекте Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын төрт кызматкери мефедрон менен кармалды, деп билдиришти маалымат каражаттары.

Маалым болгондой, 5-февралда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Аламүдүн районундагы Чоң Чүй каналынын жанынан Чүй ОИИБдин кайгуул-күзөт кызматынын милиционерин кармашкан. Андан бир килограмм мефедрон табышкан.

Мындан тышкары, анын үйүн тинтүү учурунда дагы 300 грамм мефедрон табылган.

Сурак маалында милиционер дагы үч кесиптеши жөнүндө айтып берип, алар дагы баңги зат саткан деген шек менен кармалган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалгандардын бири тергөө менен кызматташып, баңги затын сатуу жана байланыш каналдары тууралуу маалымат берген. 6-февралдагы соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылып, калгандары СИЗОго киргизилди.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх