Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бишкекжылуулуктармагы»: Бардык абоненттерге жылуулук жана ысык суу берилди

Борбор каалада жылуулук берүү системасы штаттык режимде иштеп жатат

Бүгүнкү күндө бардык абоненттерге жылуулук жана ысык суу берилди . Бул тууралуу "Бишкекжылуулуктармагынын" башчысы Уран Райымбеков билдирди.


«Бардык турак үйлөр, ошондой эле 63 саламаттык сактоо мекемеси, анын ичинде бардык төрөт үйлөр, 84 бала бакча жана 54 мектеп жылытуу системасына кошулду. Бардык социалдык объекттер жана 59 ири объект жылуулук жана ысык суу менен камсыздалды. Азыркы учурда система Бишкек шаарынын ЖЭБи тарабынан берилген факты боюнча параметрлерге ылайык иштеп жатат», - деди ал.

Эске сала кетсек, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болгон. Өзгөчө кырдаалга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу жана жылуулук берүү убактылуу токтотулган.

Жылуулук электр борборундагы жарылуунун кесепетинен ЖЭБдин 5 жумушчусу жабыркап, экөөнүн абалы өтө оор. Алар Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.


Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх