Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каракол шаарында аялына зомбулук көрсөтүп келген зөөкүр бир айга камакка алынды

Ал аялын мурун да ур-токмокко алып жүргөн

Каракол шаарынын тургуну жубайына системалуу түрдө үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөнү үчүн бир айга камакка алынды.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, январь айында Түп районунун ички иштер бөлүмүнө Кең-Суу айылынын 35 жаштагы тургуну кайрылып, 33 жаштагы Ж.Ж. аттуу күйөөсү аны системалуу түрдө сабап келгенин айтып, бирок ал буга чейин милицияга кайрылбаганын билдирген. Жабырлануучу азыркы учурда туугандарынын үйүндө тураарын жана күйөөсүнөн коркуп жатканын кошумчалаган.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында аялга жеңил залал келтирилип, натыйжада кыска мөөнөттүү ооруларга алып келгендиги аныкталган. Үй-бүлөлүк зөөкүргө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (кыйноо) боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү сурак учурунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Соттун чечими менен ал бир айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх