Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусияда жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болду

Кырсык Пенза облусунда болгон

Орусияда эки кыргызстандык жол кырсыгынан каза болду. Маалыматты КР Тышкы иштер министрлиги тастыктады.

Ведомстводон билдиришкендей, кырсык 4-февралда Пенза шаарындагы трассалардын биринде болуп, анын кесепетинен Кыргыз Республикасынын эки жараны каза болуп, Орусиянын бир жараны оор жаракат алган.

«Учурда каза болгон мекендештердин сөөгү андан ары жерге берүү үчүн Кыргыз Республикасына жеткирилди. Бул кырсыктан жабыркаган Орусиянын жараны ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө жатат», — деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.

Фото WWW

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх