Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык аял Россиядан депортацияланып, бирок анын ымыркайы ооруканада калтырылган

Балада тубаса инфекция бар, азыркы учурда аны ыктыярчылар кароодо

Кыргызстандын жараны Орусиядан депортацияланып, анын бир жарым айлык ымыркайы Екатеринбургдагы ооруканада калган деп жазат EAN.

Маалым болгондой, ымыркайда тубаса инфекция бар экени аныкталып, ага азыркы учурда ыктыярчылар жардам берип жатышат.

Активисттердин айтымында, баланын апасы миграциялык режимди бузганы үчүн Орусиядан депортацияланган. Ал эми баланын атасы Свердлов районунда жашайт, бирок жумушуна байланыштуу күнү-түнү жанында болуп, уулун кароого шарты жок. Андыктан социалдык тармактарда ыктыярчыларды издөө жөнүндө жарнак берилген.

«Мээримдүү эже-карындаштарыбызга рахмат, биз ыктыярчыларды бат эле таптык. Бүгүнкү күнгө карата, алдыдагы жумага ыктыярчылар алдын ала кезекке туруп коюшкан. Көйгөй чечилди деп айтса болот, ымыркайдын ооруканадан чыгарылышы жөнүндө акырындык менен сүйлөшүүлөр болуп жатат. Атасы баланын дарылануусуна жана айыгуусуна активдүү катышып жатат, бирок тилекке каршы анын жанында дайыма боло албайт. Бала абдан кичинекей болгондуктан ыктыярчыларга кайрылууга аргасыз болдук», - деп билдиришти активисттер.

Ымыркай эмки жумада ооруканадан чыгышы мүмкүн экендиги күтүлүүдө.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх