Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлигинде бөйрөк трансплантациясын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңешме өттү

Президенттин буйругун ишке ашыруу маселеси талкууланды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жогорку деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жана дарыгерлеринин, министрликтин башкармалык жетекчилери жана гемодиализ жамаатынын өкүлдөрүнүн катышуусунда координациялык кеңешме өткөрдү.


Жыйында президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда тууган донордон бөйрөк трансплантациясын өнүктүрүү боюнча буйругун ишке ашыруу маселеси каралды. Бөйрөк трансплантациясына муктаж реципиенттердин жана донорлордун реестрин өркүндөтүү. Дарыгерлер топторун, анын ичинде иммунологдорду даярдоо, аларды чет өлкөлөрдө, атап айтканда, Түркиянын адистештирилген клиникаларында окутуу талкууланды.


Жыйынтыгында донорлорду жана реципиенттерди тандоо боюнча нефролог, уролог, тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрүнөн турган этикалык комиссиянын отурумун өткөрүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жана Кыргыз-түрк достук ооруканасына иммуносупрессивдүү дары-дармектерди, реагенттерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн каржылоо маселесин иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.


Эске сала кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциялары бекер жасала турганын айткан.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх