Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Балта шаарында жаңы төрөгөн аял каза болду

Бул жыл башынан бери жаш энелерде катталган үчүнчү өлүм

Кара-Балта шаарындагы төрөт үйүндө 36 жаштагы аял каза болду. Маалыматты КР Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады.
Мекемеден билдиришкендей, маркум Токтогул районунан төрөт үйүнө толгоо менен келип, төрөттөн кийин каза болгон.

Аялдын сөөгү экспертизага жөнөтүлдү. Баланын абалы туруктуу.
Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлдү, деп кошумчалады Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Белгилей кетсек, бул жыл башынан бери толгоо учурунда каза болгон аялдын үчүнчү учуру. Буга чейин Бишкектеги №2 жана №4 төрөт үйлөрүндө аялдардын төрөт учурунда каза болгон учурлары катталган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх