Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Чолпон-Атанын экс-мэринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыны аныкталды

Буга чейин бул кылмыш ишинин алкагында"Кадастр" мамлекеттик ишканасынын филиалынын адиси кармалган

Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган факт аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында, мамлекеттик түзүмдөрдөгү уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен кызмат адамдарынын байланышы такталып, уюшкан кылмыштуу топтун лидери маркум Камчы Асанбекке (Көлбаев) Чолпон-Ата шаарындагы баасы 10 млн сомдон ашык жер тилкесин берүүгө тиешеси бар Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри И.Б.Ш. тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

undefined

undefined

Аталган И.Б.Ш.нын үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал ок-дарылары да табылган.
Соттун чечими менен Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри И.Б.Ш. 1 айга камакка алынды.
Белгилей кетсек, ушундай эле кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл району боюнча "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын филиалынын адиси М.Т.Б. кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх