Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө 6-класстын окуучусу өз жанын кыйды

Курдаштары жана мугалимдери менен эч кандай чыр-чатак болгон эмес

Ак-Суу районунда гимназия мектебинин 6-классынын окуучусу өз жанын кыйды. Маалыматты КР Билим берүү жана илим министрлиги тастыктады.

Ведомстводон билдиришкендей, билим берүү бөлүмү окуучунун өз жанын кыйганы тууралуу маалыматты 20-февралда маалымдаган.

«Окуучунун өз өмүрүнө кол салуусунун себептери белгисиз. Курдаштары жана мугалимдери менен чыр-чатак болгон эмес. Мектепте жүрүм-турум жөнүндө класстык сааттар дайыма өткөрүлүп турат, социалдык педагог суициддин алдын алуу боюнча иштерди алып барган.», - деп билдирди Билим берүү министрлиги.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх