Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Билим берүү министрлиги 6-класстын окуучусунун өлүмү боюнча билдирүү таратты

Окуучунун өз өмүрүнө кол салуусунун себептери белгисиз

Билим берүү жана илим министрлиги Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мектеп-гимназиянын окуучусу менен болгон кайгылуу окуяга байланыштуу билдирүү тараттты.
Маалыматка ылайык, Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмү 2024-жылдын 20-февралында Ак-Суу районундагы мектеп-гимназиянын 6-классынын окуучусунун өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маалымат берген.

- Окуучунун өз өмүрүнө кол салуусунун себептери белгисиз. Курдаштары жана мугалимдери менен чыр-чатак болгон эмес. Мектепте жүрүм-турум жөнүндө класстык сааттар дайыма өткөрүлүп турат, социалдык педагог суициддин алдын алуу боюнча иштерди алып барган, — деп айтылат маалыматта.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх