Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Килейген Алабай ити кичинекей кыздын көз алдында анын күчүгүн талап кетти – видео

Кыз өз өмүрүн тобокелге салып, күчүгүн сактап калуу аракетин көргөн. Ал эми окуяга күбө болгондор видеого тартып, жөн гана кулуп карап турушкан

Манас айылында үрөй учурган окуя болду. Килейген Алабай ити кичинекей кыздын көз алдында анын күчүгүн талап кетти.


Окуучу кыздын таежесинин айтымында, анын 2-класстагы жээни күчүгү менен сейилдөөгө чыккан. Кичинекей күчүккө кошунасынын Алабай ити кол салган. Кыз өз өмүрүн тобокелге салып күчүгүн сактап калуу аракетин көргөн. Бирок буга кичинекей кыздын күчү жеткен жок.

«5-февраль күнү түштөр чамасында мектептен келген соң, адаттагыдай эле балдар менен ойногону күчүгү менен көчөгө чыккан. Бул күчүк дайыма жанында болуп, аны мектепке узатып, кайра тосуп алчу. Алар ойноп жатышканда, кокусунан кошунанын чоң Алабай тукумундагы ити чуркап келип, жээнимдин кичинекей күчүгүнө кол салат. Тегеректеги балдардын баары коркуп качып кетишип, бирок жээним итин коргоп калган. Ал кичинекей кыздын көз алдында анын күчүгүн талап, өлтүрүп, көтөрүп кеткен», - деди аял.

Окуучу кыздын таежеси бул окуядан кийин кыз уктай албай, тынымсыз ыйлап жатканын, бала психологиялык жактан катуу жабыркаганын кошумчалады. Ал эми Алабайдын ээси 5 миң сом айып пул менен кутулуп кеткен.

Бул үрөй учурган окуяны күбөлөр видеого тартып, кулуп кайдыгер карап турушканы таң калдырат. Алар кичинекей кызды килейген иттен алыс алып кетүүгө аракет да кылышкан эмес.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх