Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдо мектеп окуучусун уурдоого аракет кылыштыбы? Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тарады

Милиция окуянын чоо-жайын аныктады

Кечээ социалдык түйүндөрдө Караколдо белгисиз адамдар көчөдө бараткан баланы Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаага күчтөп салууга аракет кылганы тууралуу видео тарап, анда социалдык тармактын колдонуучулары окуучуну уурдоого аракет кылып жатышканын божомолдоп жазышкан.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, милиция кызматкерлери текшерүү учурунда унааны жана окуянын катышуучуларынын өздүгүн аныктады.

Маалым болгондой, унаанын ичинде Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучулары, 16 жаштагы К.У., Э.Н., Ж.Б. жана А.И. болгон. Алар мыйзамдуу өкүлдөрү менен бирге РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген. Алар унаага отургузууга аракет кылган Каракол шаарындагы №2 орто мектептин 3-классынын окуучусунун өздүгү да аныкталып, ал дагы ата-энеси менен бирге милиция бөлүмүнө жеткирилген.

«Жогорку класстын окуучуларынын айтымында, алар 27-февраль күнү окуучулардын биринин атасына таандык «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаа менен шаар айланып жүрүшкөн. Айдоочу Ж.Б., жол жээгинде ойноп жаткан балдарды көрүп, алардын жанына токтогон. Анда айдоочунун классташтары тамашалап, ойноп жаткан балдардын бирин жол жээгинде экинчи ойнобой жүрүшсүн деп, машинага отургузууга аракет кылган. Учурда бул факты боюнча бардык жагдайларды аныктоо иштери улантылып жатат», - деп билдиришти ОИИБден.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх