Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте блогер Бекзат Өмүрбеков алдамчылыкка шектелип, кармалды

Ал “өлкө жетекчилиги менен байланышым бар” деп, жарандардан акча алып жүргөн

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 21-июнунда милицияга Т.И. аттуу жаран кайрылып, Ө. Б. жана Ш. Т. аттуу жарандарга карата чара көрүүнү суранган. Себеби алар «облустун региондорунун биринин башчысы кызматына ишке орноштуруп берем жана өлкө жетекчилиги менен байланышым бар» деген шылтоолорду айтып, жабырлануучунун 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алышкан. Андан соң жүргөн жерин жашырып кетишкен. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан 1992-жылы туулган Ө.Б. аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар же жок экендиги такталууда. Белгилей кетсек, кармалган жаран блогер Бекзат Өмүрбеков экени маалымдалууда.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх