Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эңилчек айылында мектеп күйүп кетти - фото

Өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Сырт аймагында жайгашкан Эңилчек айылында кечээ күнү мектеп күйүп кетти.

Маалыматка ылайык, өрт таңкы саат 9да башталган. Өрт чыккан учурда имаратта эч ким болгон эмес. Аталган мектепте 23 окуучу билим алат. Мектеп имараты 1980-жылы кирпичтен курулуп, 4 класстык бөлмө, мугалимдер бөлмөсү, ашкана жана актовый залдан турат.

Облус жетекчи Уланбек Далиев коопсуздукту камсыздоо жана окуу процессинин үзгүлтүккө учурашына жол бербөө боюнча тиешелүү кызматтарга жана жергиликтүү бийликке тапшырмаларды берди. Ал эми башталгыч класстын окуучулары окуусун айыл өкмөттүн имаратында улантат.


Учурда өрттүн келип чыгуу себептерин жана жагдайларын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх