Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

АКШда эки кыргызстандык жаран жол кырсыгына кабылып, каза болушту

Кыргызстандын элчилиги маркумдардын сөөгүн мекенине жеткирүү маселесин карап жатышат

АКШда Кыргызстандын эки жараны жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин маалыматы боюнча, Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарындагы ылдам жол шоссесиндеги жол кырсыгынын кесепетинен каза болушкан. Каза болгон кыргыз жарандарынын өздүгү аныкталды. Алар 2003-жылы туулган Е.Т. жана 2022-жылы туулган Б.А. болгон. Учурда алардын туугандары менен ыкчам байланыш жүргүзүлүүдө.

Учурда Кыргызстандын элчилиги тарабынан кырсыктын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралып жатат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх