Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстанда катуу жер титирөө болду. Жер титирөө Кыргызстандын аймагында да сезилди

Алматыда эскертүү системасы иштеп, шаардыктар көчөгө чуркап чыгышты

Бүгүн саат 11:22де Казакстандын аймагында катуу жер титирөө болуп, аны Кыргызстандын аймагында да сезишти. 

Жер титирөөнүн очогу Алматыдан 31 чакырым алыстыкта жайгашкан. Магнитудасы - 6,1 баллды түзүп, очогу 10 километр тереңдикте орун алган.

Алматыда күчү 5 баллга жеткен силкинүү сезилди. Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, эскертүү системасы иштеп, шаар тургундары көчөгө чуркап чыгышкан.

Белгилей кетсек, күчү 3 баллга жеткен жер титирөөнү бишкектиктер да сезген.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх