Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канадада 550 жүргүнчүсү бар учакка чагылган тийди - видео

Жабыркагандар жок

Канаданын Ванкувер шаарында жаңыдан абага көтөрүлүп жаткан учакка чагылган тийди.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Air Canada Boeing 777-300 учагы 3-мартта Ванкуверден Лондонго карай сапар алган. Учакта 550 жүргүнчү болгон.

Учак туруксуз аба ырайы учурунда учуп бара жаткан. Бул окуянын күбөсү учактын учуп баратканын видеого тартып жатып, учакка чагылган түшкөн учурду кокусунан тартып алган.

Учкучтун айтымында, учакка орнотулган чагылганды басаңдатуучу атайын системанын жардамы менен кырсыктын алдын алган.

Бул окуядан эч ким жабыркаган эмес. Учак Лондонго карай учуусун улантты.

Фото WWW

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх